Теңгиз Бөлтүрүк Садыр Жапаровго кат жазып, кечирим сурады

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк президент Садыр Жапаровго кат жолдоп, андан кечирим сурады. Анын катын жактоочусу Кайсын Абакиров «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады.

Теңгиз Бөлтүрүк сөз башында Садыр Жапаров тарабынан коюлган милдеттерди канааттандырарлык түрдө аткара албаганы үчүн кечирим сураган.

«Жумасына 75-80 сааттан иштесем да, баары бир «Кумтөрдүн» жана улуттук холдингдин («Улуу көчмөндөр мурасы») иштерин, кесиптештерди көзөмөлдөгөнгө жалгыз үлгүрбөдүм. Кумтөрдө 20 жылдан ашык уюштурулган коррупциялык схемаларды толук жойгонго жалгыз алым жетпеди…», — деп, ал «Кумтөрдөгү» коррупциялык схемаларга аралашпаганын билдирген.

Сөзүн улай Теңгиз Бөлтүрүк ага президент ишеним көрсөтсө, жардам берүүгө, эгер өкмөттө кимдир бирөөгө тоскоол болуп жатса, анда Канадага чыгып кетүүгө даяр экенин белгилеген.

Теңгиз Бөлтүрүк Садыр Жапаровго кат жазып, кечирим сурады