Түрк элчиси: Кыргызстан көрсөткөн жардамга терең ыраазыбыз

Бүгүн, 27-февраль күнү Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги Түркиядагы чоң жер титирөө жана бул апаатта Кыргызстандын жардамы тууралуу маалымат жыйын өткөрүүдө.

Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган Кыргызстандын маалымат каражаттары аркылуу кыргыз элине ыраазычылыгын билдирди.

“Жалал-Абад, Баткен жана башка облустардын айылдарында жашаган тургундар акыркы тыйындарын берип жардам кылышты. Бул көрсөткүчтөр эки өлкөнүн ортосундагы жылуу мамиледен кабар берет. Мындан ары да эки тараптуу кызматташтыкты улантуу үчүн аракетибизди уланта беребиз.

Кыргызстандан Түркияга барып жашап, иштеп калгандар көп. Эки улуттан түзүлгөн үй-бүлөлөр да көп экени маалым. Азыркы учурда биздин өлкөдө контейнерлерден шаар курулуп жатат. Балдарга мындай шартта билим берүү да уланып жатат. Урандылар ачылган сайын курмандыктардын саны өсүп жатат”