Кыргызстан менен Түркиянын ички иштер министрлери эки тараптуу кызматташуудагы актуалдуу маселелерди талкуулашты

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 20-июлунда Түркиянын борбору Анкара шаарына Ички иштер министри Улан Ниязбеков иш сапар менен барып, анда Түркиянын жаңы ички иштер министри Али Ерликая менен эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулады.
Жолугушуу учурунда Улан Ниязбеков кесиптешин Түркиянын Ички иштер министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, министрликтердин ортосундагы кызматташуунун оң динамикасын баса белгилеп өттү.


“Бүгүн Сиздер менен Түркиянын борбору Анкара шаарында, ушундай жылуу маанайда жүз көрүшүп отурганыма абдан кубанычтамын. Урматтуу министр, Сизди Түркиянын Ички иштер министри кызматына дайындалышыңыз менен биринчилерден болуп келип, бет маңдай отуруп куттуктап жатканыма сыймыктанам жана чын дилимден куттуктап, жооптуу ишиңизге албан ийгиликтерди каалайм. Бул дайындоо Сиздин түрк калкы үчүн жасаган ак эмгегиңиздин үзүрү, ошондой эле Түркиянын жетекчилигинин чоң ишеничи деп билем. Түрк мамлекети Кыргызстанды өз алдынча эгемендүү өлкө катары эң алгачкы болуп тааныгандан бери боордош, түрк тилдүү эки өлкөнүн ортосундагы жылуу мамилеси жана ар тараптуу кызматташуусу өнүгүүдө. Аны менен бирге биздин министрликтер да достук мамиледе кызматташып, бир топ ийгиликтерге жетишүүдө десем жаңылышпайм”,-деп билдирди Улан Ниязбеков.
Ошондой эле, Улан Ниязбеков кыргыз тарап бир нече жолу Түркияга келип, Ички иштер министрлигинин ишмердүүлүгү жана жасалган реформалары менен таанышкандан кийин, алгылыктуу кадамдарын кыргыз милициясына киргизүү аракети көрүлүп жатканын белгиледи. Мисал катары айта кетсек, коомдук тартипти камсыздоо боюнча окутуп-үйрөтүүлөр түрк адистери тарабынан өткөрүлүп, тиешелүү техникалар алынды. Ошондой эле Түркиянын Ички иштер министрлигине караштуу жогорку окуу жайларына бир топ орундар берилүүдө. Мындан тышкары оор кылмыштарды жасап, издөөдө жүргөн кылмышкерлерди кармап, бири-бирибизге кайтарып берүүдө алгылыктуу иштер жасалууда.
Жолугушуунун жүрүшүндө ИИМ башчысы Улан Ниязбеков жогоруда көрсөтүлгөн жардамдары үчүн Түркиянын Ички иштер министрлигине ыраазычылык билдирди.


“Мындан ары да эки өлкөнүн бейпилдиги үчүн кызматташууну күчөтүп, өркүндөтөбүз деп толук ишенем. Өзгөчө трансулуттук, баңги, киберкылмыштарга жана экстремизмге каршы туруу негизги багыттар экендигин белгилеп кетер элем. Түркия Ички иштер министрлигинин укук бузууну алдын алуудагы, кылмышка каршы күрөшүүдөгү алдыңкы тажрыйбаларын, заманбап техниканы колдонуудагы жетишкендиктерин, өзгөчө кибер кылмыштарына каршы күрөшүү, жол коопсуздугун камсыз кылуудагы тажрыйбаларын үйрөнүү жана материалдык-техникалык жардамдар боюнча долбоорлорду жаңыртууну ишке ашырсак деген тилектемин.
Бүгүнкү ааламдын тездик менен глобалдашуусу миграциянын өнүгүшүнө, өзгөчө Европа өлкөлөрүнө мигранттык агымдардын күчөшүнө алып келип, Кыргызстан үчүн да актуалдуу маселелердин бирине айлануу менен көйгөйлөрдү да жаратууда.Бул маселени козгогонумдун себеби Кыргызстандын 25-30 миң жараны эмгектенүү, окуу үчүн же турист катары Түркияда жүрүшөт. Ал эми жайкы мезгилде мигрант жарандарыбыздын саны 50-60 миңге жетет. Бул багытта биздин негизги максатыбыз алардын коопсуздугун камсыздап, мыйзамдуу келип-кетүүсүнө, эмгектенүүсүнө, окуусуна, дарылануусуна же эс алуусуна тиешелүү шарттарды түзүп берүү”-деди өз сөзүндө ички иштер министри.
Сөзүнүн аягында Улан Ниязбеков эки өлкөнүн министрликтеринин ортосундагы мамиленин бекемдигине, өз ара аракеттенүүнүн жемиштүү жыйынтыктарына токтолуп, мындан арды кызматташууну өнүктүрүүгө ар дайым даяр экендигин билдирди.
“Биздин министрликтердин ортосундагы жылуу мамиле ишмердүүлүккө эле эмес, түрк тилдүү эки элдин боордоштугуна да негизделген деген ойдомун. Ал эми биздин бүгүнкү жолугушуубуз эки өлкөнүн ички коопсуздугун жана жарандарыбыздын бейпил турмушу үчүн дагы жаңы ийгиликтерди жаратабыз деп ишенем. Мен бардык маселелер боюнча Сиз менен сүйлөшүүгө ар дайым даярмын жана кийинки жолугушууга мейман катары Кыргызстанга келүүңүздү чакырам. Сөзүмдүн аягында Сиздин адистигиңиз, мол тажрыйбаңыз жана мүмкүнчүлүгүңүз эки мамлекеттин ички иштер органдарынын ортосундагы алаканы мындан ары да өнүктүрөт деген ишеничимди билдирип, ишиңизде ар дайым ийгиликтер болушун каалап кетмекчимин”,- деди сөзүн жыйынтыктап жатып Улан Ниязбеков.
Өз кезегинде, Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандарга жакындан жардам көргөзгөн кыргыз элине терең ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле кылмыштуулук менен күрөшүүдө эки өлкөнүн министрликтеринин ортосундагы кызматташтыктын жана карым-катнаштын маанилүүлүгүн белгилеп, мындан ары да кызматташууну бекемдөөгө даярдыгын билдирди.

4ea12ff8 9817 4d34 a647 35aa320ca1a8 Кыргызстан менен Түркиянын ички иштер министрлери эки тараптуу кызматташуудагы актуалдуу маселелерди талкуулашты
84bc6288 7c55 4044 85f6 ae2434ca6579 Кыргызстан менен Түркиянын ички иштер министрлери эки тараптуу кызматташуудагы актуалдуу маселелерди талкуулашты