Түркиянын Кыргызстандагы элчиси: “Кыргыз куткаруучулар урандылардан 8 адамды куткарып, 198 адамдын сөөгүн алып чыгышты”

Кыргызстандан барган куткаруучулар 8 кишини куткарып, 198 адамдын сөөгүн алып чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган билдирди.

«Катаал шарттарда адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн талыкпай эмгектенип, Кыргызстандын издөө-куткаруу тобу Түркияда калган акыркы топтордун бири болду», – деди элчи.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңда Кахраманмараш провинциясында магнитудасы 7,7, тогуз сааттан кийин дагы 7,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Эпкини коңшу мамлекеттерге да тийип, жер Сириянын Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинцияларында да силкинген. Издөө-куткаруу иштерине көмөктөшүү үчүн Кыргызстандан 170 куткаруучу барган. Турак жайсыз калгандар баш калкалап турушу үчүн 120дан ашуун боз үй да жөнөтүлгөн.

Финансы министрлигинин 24-февралда тараткан маалыматына караганда, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 63 млн 427 миң 307 сом жана 15 миң 250 рубль түшкөн.