Комитет Каныбек Иманалиевди дайындоо боюнча президенттин сунушун колдоду

27-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Иманалиевди дайындоо боюнча президенттин сунушун колдоду.

Мамлекет башчысынын презентациясын ЖКдагы президенттин жана министрлер кабинетинин өкүлү Алмасбек Абытов окуп берди.

Министрликке талапкер башка комитетте (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети) каралып, парламенттин кароосуна коюлду.

Иманалиев азыр министрдин милдетин аткаруучу. Буга чейин ал Жогорку Кеңештин депутаты болгон.