Каныбек Иманалиев: “600 миң бала бала бакчага барбайт”

Бүгүн, 27-февралда, Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети жыйынында билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Иманалиевди дайындоо маселеси каралып жактырышты.

Аны депутаттарга президенттин жана министрлер кабинетинин өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.

Иманалиевдин айтымында, билим берүү тармагын реформалоо концепциясы бир айдын ичинде даяр болот.

“Бүгүнкү күндө 600 миң бала бала бакчага барбайт. Жогорку окуу жайлардын студенттерине 5 миң сомдон бергендин ордуна, бул каражатты бала бакчага багыттаган жакшы. Биздин өлкөдө орто билим берүү эл аралык стандартка 60% жооп бербейт. Балдар жазат, окуй алат, санай алат, бирок алар билимди турмушта колдоно билишпейт. 2 миллиард сом профессионалдык-техникалык окуу жайларына жумшалат, бирок анда окуучулардын 5 проценти гана окуйт. Бизде 73 университет бар, бирок алардын бири да 2030-жылга чейин негизгиси боло турган он багыт боюнча адистерди даярдабайт – виртуалдык реалдуулук дизайнери, нейропсихолог, киберкоопсуздук боюнча адис. Концепция үч компоненттен турат. Алардын бири британдык окутуу ыкмасын колдонуу, Казакстан буга чейин эле ага өткөн, бирок биз улуттук өзгөчөлүктөрдү унутпашыбыз керек”, – деди Иманалиев.

Ал мектептерде компьютердик курстар киргизиле турганын кошумчалады.

“Компьютер сатып алууга каражат бөлүүнүн кереги жок. Борбордук шайлоо комиссиясы сатып алган компьютерлерди шайлоого колдонобуз. Шайлоо күнү гана колдонулуп, анан чаңда бош турат. Айылдарда 3 миңдей калк барбаган китепканалар бар. Китепканаларды балдарды 1-класска даярдоо үчүн мектептерге өткөрүп берсе болот”, – деди министрликке талапкер.

Мурдагы министрлердин демилгелери кандай болот деген депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Иманалиев жакшы иштер улана берерин билдирди.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү талапкерди Билим берүү министрлигинин жетекчилигине дайындоого макул болушту.