Иманалиев Жапаровдун командасына кантип кошулуп калганын жар салды

Бүгүн, 27-февралда билим берүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Каныбек Иманалиев комитет жыйында депутат Элмурза Сатыбалдиевдин суроосуна жооп берип жатып, кантип Садыр Жапаровдун командасына кошулуп калганын айтты.

“Мен шайлоодо оппонент болгонум — бул бир гана парламентаризмди коргоо үчүн болгон. Баш отумду сайып… Бирок силердин убалыңарга мурдагы парламент калды, канатыңарды кыркып салды, тилекке каршы… Элдин чечимин сыйлаш керек. Эл президенттик-парламенттик жолду тандады. Садыр Нургожоевичке рахмат, жеке бири-бирибизге болгон сын-пикирди аттап өтүп, мамлекеттик кызыкчылыкты биринчи орунга койдук”, — деди ал.

“Мен ушундай эле жооп берет деп сизден күткөм. Демек, азыр иштеп жаткан Жапаровдун командасы сиздин купулуңузга толот экен да?” — десе, Иманалиев “ооба” деп жооп берди.