ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысы Стамбул шаарында өткөн “IDEF – 2023” көргөзмөcүнө катышты

Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Түркия Республикасынын Жандармериясынын Башкы кол башчысынын чакыруу катынын негизинде 2023-жылдын 23-июлунан 29-июлга чейин Түркия Республикасынын Стамбул шаарындагы (TUYAP) конгресс – борборунда Түркиянын улуттук коргоо тармагы боюнча 16-эл аралык “IDEF – 2023” көргөзмөcү болуп өттү.


“IDEF – 2023” көргөзмө дүйнөдөгү эң абройлуу коргонуу багытындагы көргөзмөлөрдүн бири. Ага Кыргыз Республикасынан бир делегация чакырылып, анын курамында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысы полковник Дамир Алыбаев жана подполковник Дамир Алыкулов катышып келди.


“2023-жылдын 26-июлунда Түркия Республикасынын Жандармериясынын Башкы кол башчысы, армиянын генералы Ариф Четин менен жолугушуу болуп, бир катар маселелер боюнча каалоо-тилектерин айтып, аны аткарууга даяр экендиктерин билдиришти.
Түркия Республикасынын Жандармериясы менен Ички аскерлердин ортосунда мамилелер ого бетер чыңдалып, эки тарап мындан ары бир топ багыттар боюнча кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүү аракетин көрүштү”, – деп айтылат маалыматта.


Иш сапар жемиштүү аяктап, эки өлкөнүн Мекен сакчылары ортосундагы байланышты чыңдоого өбөлгө түзүлдү.

   
8458e6bd a054 4ac8 8fd8 86a83902bc32 ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысы Стамбул шаарында өткөн “IDEF – 2023” көргөзмөcүнө катышты
2d75a1ef f820 4180 b3c3 e91a544574ef ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысы Стамбул шаарында өткөн “IDEF – 2023” көргөзмөcүнө катышты