Ошто 23 жаштагы келин төрөттөн кийин каза болду

Ош шаардык төрөтканасында 23 жаштагы келин төрөттөн кийин каза болду. Маалыматты Ош шаардык милициясы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 2000-жылы туулган Ош облусуна караштуу Алай районунун Будалык айылынын тургуну ушул жылдын 23-июль күнү көз жарган.

«Келин 29-июль күнү таңга маал эс учун жоготуп, жандандыруу бөлүмүнө келип түшкөн. Келиндин абалы оорлошуп кан басымы төмөндөп ошол жерден каза болгон. Бул окуя боюнча келиндин ата-энеси жолдошу жана жакын туугандары эч кимге арыз доосу жок экенин айтып, соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан», — деп жазылат маалыматта.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.