Теңгиз Бөлтүрүктүн уулунун иши сотто каралат

«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн уулу Алмаз Теңгиз уулунун иши Аламүдүн райондук сотунда карала баштайт. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, биринчи соттук отурум 14-августка коюлган.

Эскерте кетсек, 10-июнда 35 жаштагы Алмаз Теңгиз уулу «ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренеси боюнча кармалган.