Талас ОИИБде алты айдын жыйынтыгы чыгарылды


Бүгүн, 31-июль күнү Талас ОИИБдин жыйындар залында башкармалыктын башчысы милициянын полковниги Азамат Токтоналиев чогулуш өткөрдү. Бул туурасында Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Ага башчынын орун басарлары, кызмат жана шаар-райондук бөлүм башчылары катышты. Анда 28-июль күнү КРнын ИИМде 2023-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн коллегиясынын чечимдери жеткирилди. Чечим менен Талас ОИИБдин уюштуруу жана инспекциялоо бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Бермет Темирбаева тааныштырды.

Азамат Токтоналиев КРнын ИИМдин жетекчилиги тарабынан коллегияда берилген тапшырмаларды, коюлган талаптарды жана башка маалыматтарды кенен жеткирди. Жакында аткарыла турган иштерге токтолуп, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана аларды болтурбоого карата иштерди жандандырып, жарандарды сервистик тейлөө көрсөтүүнү күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Андан тышкары кызматкерлер арасында тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо керектигин эскертти.

“Жол кырсыктарын, айрыкча Талас районуна караштуу эл аралык маанидеги жолго көңүл бурууну дайындады. Аймактарда коомдук коопсуздукту камсыз кылып, коллегияда берилген тапшырмаларды кынтыксыз аткарууга милдеттүү экенибизди белгиледи. Жыйындын соңунда тийиштүү кызматтарга тапшырмалар берилип, талаптар коюлду”, – деп айтылат облустук милициянын маалыматында.

5703a034 e8d1 44cd af8c 46ed13608d6a Талас ОИИБде алты айдын жыйынтыгы чыгарылды