Кыргызстан менен Иран соода жүгүртүүнү көбөйтүүнү макулдашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Саид Харази менен жолугушту. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана Кыргызстан менен Ирандын бажы администрацияларынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Жыйынтыгында тараптар өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу сооданы мындан ары жогорулатууга басым жасоо менен биргелешкен иштин маанилүүлүгүн жана бажы органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу максатында бажы администрацияларынын окуу борборлорунун өз ара кызматташуу мүмкүнчүлүгүн белгилешти.