Иран Шанхай кызматташтык уюмуна толук кандуу мүчө болуп кирди

Бул тууралуу саммитте кабыл алынган декларацияда айтылат.

Белгилей кетсек, кечээ Индиянын төрагалыгы алдында ШКУ өлкө башчыларынын кезектеги саммити онлайн-форматта өтүп, ага КР президенти Садыр Жапаров катышты.

“Иран Ислам Республикасынын ШКУга мүчө болушу тарыхый мааниге ээ”, — деп белгилешкен мамлекет башчылары.

Жыйындын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров дагы сөз сүйлөп, сунуштарын берди.