Иранда жер титиреди

Ирандын аймагында — Бендер-Аббас шаарынан түндүк-батышка 100 чакырымдай аралыкта жер титирөө болду. Анын күчү 5,3 баллга жеткенин Европажер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору билдирди.

Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:05те катталып, очогу 10 км тереңдикте жайгашкан.

Түркиянын «Анадолу» («Anadolu») жалпыга маалымдоо каражаты билдиргендей, Түркияда 20-февралда саат 20:04тө 6,4 баллдык жер титирөө болду. Андан кийин саат 20:07де кайрадан жер силкинип, анын күчү 5,8 баллга жетти. Жер титирөө Ливан, Сирия (6 адам жаракат алды), Кипр жана Израилде жайгашкан. Акыркы маалыматтар бюнча, 6 адам каза болуп, 294 адам жаракат алган. Бир нече имарат талкаланганы тууралуу маалымат тарады.

Соңку маалымат боюнча, 6-февралдагы катуу жер титирөөлөрдөн Түркия менен Сирияда 47 миңге жакын адам каза тапты. Алардын 40 миңден ашыгы — Түркиянын жарандары.

th 41 Иранда жер титиреди
,