Кыргызстанда эки жолу жер титиреди

Бүгүн, 1-августта Кыргызстанда эки жолу жер титиреди. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.

Жердин силкинүүсү биринчи ирет саат 04:03 катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен. Силкинүү Кыргызстандын Кытай менен чектешкен аймагында Ысык-Көл облусунда катталган. Жер экинчи ирет саат 08:03тө, ошол эле аймакта титиреп, күчү очогунда 3 баллга жеткен.