Таласта бассейндердин коопсуздугу текшерилди


Талас ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын демилгеси менен атайын иш чара уюштурулду, – деп билдирет Талас ОИИБдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Талас ШИИБдин коомдук коопсуздукту камсыздоо жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы Талас шаарында иштеген бассейндердин коопсуздугун, талаптарга жооп беришин текшеришти. “Алымбек Ата”, “Талас мол”, “Комсомольский” жана башка жасалма көлмөлөрдүн ичинде суу кырсыгын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

“Анда ата-энелерге жана инструктор болуп иштеп жаткан жарандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Балдарга өзгөчө көңүл буруп, эс алуучу жайга мас абалда келген жарандарга этият болуу керектигин эскертишти. Андан тышкары техникалык коопсуздукту сактап, ишкерлерге алардын жоопкерчиликтери белгиленди”,- деп айтылат маалыматта.


Аталган иш-чара облустун бардык аймактарында жүргүзүлүүдө.

95dcb89a a1c1 4faf 8f7d f23812c025e7 Таласта бассейндердин коопсуздугу текшерилди
d04b6404 4726 4a4c 8fb2 69b66dc3162d Таласта бассейндердин коопсуздугу текшерилди
66a447ff 72a0 448a 9427 c43b36ef13ff Таласта бассейндердин коопсуздугу текшерилди
e36faf91 0363 49ea bf9a 81975b6ea147 Таласта бассейндердин коопсуздугу текшерилди
5fde54e9 f2fc 4d4a a21f 7f193be7e2ad Таласта бассейндердин коопсуздугу текшерилди
c3e25a9c 2a01 4051 bce1 bc63d9d74fc3 Таласта бассейндердин коопсуздугу текшерилди