Түркияда жер титиреп, 53 адам каза болду

Эртең мененки 7,4 баллдык жер титирөөнүн кесепетинен Түркиянын бир катар шаарларында имараттар кыйрап, каза болгондор жана жаракат алгандар бар, деп билдирет Йени Шафак гезити.

Йенишехир районундагы Диярбакыр шаарында сегиз кабаттуу имарат урап, 6 адам каза болуп, 70 киши жаракат алды;

Малатияда 130 имарат кыйрап, 100дөн ашуун адам жарадар болгон;

Аданада эки көп кабаттуу үй урап, беш жабырлануучу кыйраган имараттардан чыгарылып, ооруканага жеткирилди;

Шанлыурфада 16 имарат урап, 17 киши каза болду;

Османияда 34 имарат урап, кеминде 7 киши набыт болду.

Кийинчерээк Малатиянын губернатору Хулуси Шахин каза болгондордун саны 23кө, жаракат алгандардын саны 420га жеткенин, 140 имарат кыйраганын билдирди.

Ошентип, алдын ала маалыматтар боюнча, өлкөдө кеминде 53 адам каза болду.

Учурда издөө-куткаруу иштери уланууда. Андыктан табигый кырсыктан курмандыктарынын саны өсүшү мүмкүн.

image 4 9 Түркияда жер титиреп, 53 адам каза болду