Бишкекте үй менен гараждын ортосуна адам кыпчылып калган

Бишкекте үй менен гараждын ортосуна кыпчылып калган адамга куткаруучулар жардам көрсөтүштү.

ӨКМ билдиргендей, 5-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Ленин районунун Репин көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн дубалы менен гараждын дубалынын ортосуна бир адам кыпчылып, чыга албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. 

Окуя болгон жерге Куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу алынып келинип, алар болжол менен 60-65 жаштардагы адамды эс-учун жоготкон абалда алып чыгышкан.

Эсин жоготкон жаран тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.