Түн ичинде аялды тоноп кеткен жаш жигит кармалды

Октябрь РИИБдин кызматкерлери талап-тоноо кылмышына шектүүнү кармашты. РИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жабырлануучу милиция кызматкерлерине 2-февралда кайрылган.

Анын айтымында, түнкү саат 01:00 чамасында Токомбаев көчөсүндөгү жөө жүргүнчүлөрдүн жолунан белгисиз жаш жигит сумкасын тартып алган. Анын ичинде 14 миң сомдук буюмдары бар болчу.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен катталып, көп узабай 2002-жылы туулган Ж.М. шектелип кармалды. Октябрь райондук соту шектүүнү убактылуу камакта калтырып, тергөө жүрүп жатат.