Жалал-Абадда тоноо, алдамчылык жана уурулук кылган топ кармалды

Жалал-Абад шаардык милициясы уурулук, тоноо, алдамчылык менен алектенген кылмыштуу топту кармады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин шаардык милицияга батирдеги уурулук, тоноо, алдамчылыкка байланыштуу 15 арыз келип түшкөн.

Бул фактылар каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо), 206-беренеси, (Тоноо) жана 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жабырлануучулар жалпысынан дээрлик 2 млн сомдук материалдык чыгымга учурашкан.

Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 5 жаран – 39 жаштагы Н.И., 36 жаштагы Х.Х., 30 жаштагы Ж.А., 24 жаштагы Ш.Н. жана 22 жаштагы К.Н. аттуу шаар тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

«Алар 8 алдамчылык, 4 уурулук, 3 тоноо кылмышын жасаган. Жарандардын телефондорун сүйлөшүп алуу үчүн сурап, кайра кайтарып бербей, качып кетишкен. Ошондой эле батир уурулуктарын жана жаш балдарды коркутуп тоноо менен алектенишкен», — деп билдирет милиция