Камчы Көлбаевге козголгон кылмыш иши токтотулду

Криминалдык авторитет Камчыбек Асанбекке (Камчы Көлбаев) козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарындагы өздүк булактар ​​билдирди.

Кримтөбөлдүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу токтотулганы көрсөтүлгөн.

«Кримавторитет Камчыбек Асанбек Казакстанда улуттар аралык кылмыштуу уюм түзүүгө шектелген. Кылмыш 2007-2009-жылдары жасалгандыктан аны кылмыш жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен. Буга байланыштуу УКМК кылмыш ишин иликтөөнү токтотту», – деп билдиришти.

Эске салсак, Камчы Көлбаев 2020-жылдын 21-октябрында кармалган. Ага КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу уюм түзүү же ага катышуу” беренеси боюнча шектүү катары айып тагылган. Бишкек шаардык сотунун чечими менен кримтөбөл үй камагына чыгарылган.