Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү “Казбек кара” кармалды

10-октябрдаБишкекте К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Билалов К.С. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, “Казбек кара” деген ат менен белгилүү Билалов К.С. Бишкек шаарынын аймагынан кармалды. Кармоо КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (“Уюшкан топ түзүү же ага катышуу”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлдү.

Маалым болгондой, Билалов К.С. буга чейин бир нече жолу сот жообуна тартылган. Кармалган адам Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана издөө, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн зыянсыздандыруу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.