Милиция кызматкери ыдык көрсөткөнгө аракет кылган

Бишкекте милиция кызматкери аялдамада кызга ыдык көрсөткөнгө аракет кылган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-июлда жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анда арыз ээси саат 18:00 чамасында кызматкер Жибек жолу жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамада ыдык көрсөтүүгө аракет кылганын айткан.

Бул факты аталган райондо каттоого алынып, 34 жаштагы  Ж.У. аттуу жаран милиция бөлүмүнө алып келинип, суракка алынган. Материалдар Свердлов райондук прокуратурасына өткөрүлгөн.