Маданият министрлиги ЭлТРдин “ПолитКлиника» сайтын бөгөттөө боюнча арызын четке какты

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “ЭлТР” телеканалынын “ПолитКлиника” медиасынын сайтын бөгөттөө өтүнүчү менен жазган арызын четке какты.

Маалыматка ылайык, министрлик арыз жазууга себеп болгон материалда маалыматтар ишенимдүү ачык булактардан алынгандыктан ЭлТРдин арызын артка кайтарган.

Маданият министрлиги маалыматтын чын же калп экенин аныктоо боюнча ыйгарым укугу болбогондуктан арыздануучуга бул маселе боюнча сот органдарына кайрылууну сунуштаган.