Маданият министрлиги «ПолитКлиниканын» үстүнөн берилген арызды четке какты

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кара-Буура райондук сотунун судьясы Индира Асилованын «ПолитКлиника» басылмасынын үстүнөн жазган арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен редакция өзү билдирди.

Маалыматта айтылгандай, «ПолитКлиника» медиасынын «Чолпон-Атадагы маданият үйүнүн жери кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасына өтүп кеткен» аттуу иликтөөсүндө арыз ээси Индира Асиловага байланыштуу маалыматтар мамлекеттик органдардан алынган анык маалымат болгондуктан, басылманын үстүнөн түшкөн арызды четке кагуу чечими кабыл алынган.

14-декабрда жалпыга маалымдоо каражаттарында Чолпон-Ата шаарындагы жергиликтүү маданият үйү жайгашкан жер белгисиз себептер менен жеке колго өтүп кеткени тууралуу видео жарыяланган. Анда  маданият үйүнүн жери “Барашек” кафесине кошулуп, терраса болгону дагы айтылат.

Иликтөөдө “ПолитКлиника” медиасы кадастрдык документтердин негизинде аталган жер учурда кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиеванын наамында экенин аныктаган. Ошондой эле иликтөөдө сөз болуп жаткан жерге 2015-2016-жылдары Таластагы Кара-Буура райондук сотунун учурдагы судьясы Асилова Индира Ашимжановна ээлик кылып турганы айтылат.

Иликтөө жарык көргөндөн кийин, 16-декабрда Индира Асилова редакцияга бул материалдан өзү тууралуу маалыматты жана сүрөтүн алып салууну талап кылып кат жолдогон. Анда ал басылманы ар-намысына жана кадыр баркына шек келтирген деп айыптаган.

Өткөн жылы кабыл алынган “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо” жөнүндө мыйзамга ылайык, өкмөткө “жалган же анык эмес маалымат” тууралуу жеке адам, уюм тарабынан жазылган арыздын негизинде ал маалыматты тараткан интернет сайтты жаап коюу укугу берилет.