Абактагы Атай Бейшенбек Садыр Жапаровго кайрылды

Кемпир-Абад маселеси боюнча камалып, абакта жаткан жарандык активист Атай Бейшенбек уулу президент Садыр Жапаровго Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кайрылды.

Абактагы Атай Бейшенбек Садыр Жапаровго кайрылды

Ал өзүнүн адвокаты аркылуу кат жазып, аны адвокаты Фейсбуктагы баракчасына жазып жатат. Кайрылуусунда үч маселеге токтолуп кеткен.

«Садыр Жапаровдун Кемпир-Абад иши боюнча берген маегинен кийин , үч маселеге токтолоюн :

1) Курултайда дагы , 17–декабрда дагы маекте Садыр Жапаров:

«Мен аларды кыйнап, колдорунан жетелеп барып ошол жыйынга (Casa Italia ) катыштырыптырмынбы!»-деди.

А катышпагандарчы , алтургай, комитет мүчөсү болбогон мени эмне камадынар?

2) Маегиңизде биздин бир катабыз — башынан ачык талкуу кылбаганыбыз деп моюнга алыпсыз , ырахмат!

Мен дал ошол талапта башынан туруп, бийлик өткөргөн жашыруун жыйындарга катышкан эмесмин! Элге ачык айткыла дегеним үчүн камадыңар!

3) Соттук териштирүүлөрдү эми жабык кылып , же ММКлардын катышуусун чектебей УТРКдан түз алып бериңиздер, эл көрсүн, талдасын!

Баары ачык болсун, жашырбагыла!»— деген.