Маданият министрлиги 12-майда боло турган иш-чаралардын тизмесин сунуштады

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы эртең, 12-майда өтө турган маданий маанилүү иш-чаралардын тизмесин сунуштайт:
2023-жылдын 12-майында саат 11:00дө П. Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинде Россия Федерациясынын эмгек сиңирген артисти, Гнесин атындагы Россия музыкалык академиясынын профессору В.Б. Носинанын катышуусунда фортепиано сабагы боюнча атайын мастер-класстар жана лекциялар өтөт.
Аталган мастер –класс “Виват, Рояль!” фестивалдын алкагында өтөт.

Он төрт оркестр жамааты бир сахнада


Эртең, 12-майда Улуттук тарых музейинин алдында саат 18:00до Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен, Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССРдин эл артисти, дирижёр Асанкан Жумакматовдун 100 жылдыгына карата оркестр коллективдери арасында өтүүчү II республикалык фестиваль-сынактын гала концерти өтөт.
Фестиваль сынакка өлкөнүн бардык аймактарынан келген оркестр жамааттары катышкан концерт тартууланып, жеңүүчүлөр аныкталат.

Ысык-Көл облустук драма театрынын чыгармачылык гастролу жыйынтыкталат

12-майда саат 18:30 да Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын чыгармачылык гастролу жыйынтыкталат. Гастролдун акыркы күнү көрүүчүлөргө аталган театрдын чыгармачылык трупасы тарабынан даярдалган «Пейил» эссе-драмасы тартууланат.