Циркте мыйзамсыз иштеген кумаркана табылды, – видео

Бул тууралуу Курч.ТВ билдирди. Тасмадан белгилүү болгондой, кумаркана мыйзамсыз иш алып барган. Аны иштеткен кытай улутундагы адам болгондуктан, эч бир суроого жооп бере алган эмес.

Тасмада кадимки столдун алдында кумарканада ойнотулуучу столдор жашырылган. Жалпысынан тасмадан үч рулетка столу табылды. Атайын ойнотулуучу жерде тамекилер чегилгени, бөлмөлөр атайылап караңгылатып жасалганы көрүнүп турат.

Балдарга жасалган жайды кумарканага айланткандар боюнча тийиштүү мекемелер маалымат бере элек.