«5 жылдыздуу мейманкана салгандарга жер бекер берилет». Жапаровдун басма сөз катчысынын ири ишкерлерге кайрылуусу

Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев фейсбук баракчасына билдирүү жазып, «Президент Жапаровдун мурунку президенттердин башын кошуп, ынтымакка алып келгендигинин жыйынтыгы натыйжа бере баштады деп жакшылыкка жоруганыбыз туура болчудай», — деп билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө ынтымак болсо, туруктуулук дагы бекемделип, инвесторлордун ишенимдүү иш алпаруусу шартталат.

«Бишкек шаарына ири 5 жылдыздуу мейманкана салуу ниети менен инвесторлор келишти. Өзүңүздөр билгендей, инвесторлор үчүн эң негизги факторлордун бири — бул өлкөдөгө туруктуулук. Алдыдагы март айында Мамлекет башчысы 5 жылдыздуу мейманкананын курулушун баштоо үчүн мезгил кутучасын салып, пайдубалын түптөөсү мерчемделүүдө. Учурдан пайдаланып, дүйнөлүк бренддеги 5 жылдыздуу мейманканалардын ээлерине, ири ишкерлерге кайрылам. Келгиле, келип Кыргызстанга 5 жылдыздуу мейманканаларды салгыла. Мамлекет жерди бекер берет, бажы алымдарынан жеңилдиктер берилет, 3-5 жылга чейин салыктан бошотобуз», — деп жазды Султанбаев.