Акылбек Жапаров экс-президенттердин жолугушуусу тууралуу үн катты

Бүгүн, 21-февралда Министрлер кабинетинин төрагасынын Акылбек Жапаров фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү таратты.

Анда ал коомчулуктар бир катар талкууларды жараткан кырдаалдар боюнча пикирин жазган. Ошондой эле Жапаров президент Садыр Жапаровдун мурдагы президенттер менен жолугушуусу боюнча да өз пикирин учкай билдирип өткөн.

«Биз мамлекеттүүлүктү, эгемендүүлүктү, өзүбүздү сыйлоону сактайлы десек, кенен ойлонуп, чоң иш кылышыбыз керек. Тобокелчиликке баруудан жана өзгөчө кадамдарды жасоодон коркпоңуз. Ушуга байланыштуу коомчулукта катуу резонанс жараткан окуяга – Садыр Нургожоевичтин Дубайда экс-президенттер менен жолугушуусу боюнча окуядан айланып өтө албайм. Мен бул окуяны өзүнүн мааниси боюнча тагдыр чечүүчү окуя деп эсептейм. Ар бир элдин тарыхында өнүгүүнү же регрессияны аныктаган белгилүү этаптар же символикалык окуялар болот», — деп жазат Жапаров.