ЭлТР менен «ПолитКлиниканын» иши сотто каралды

Бүгүн, 18-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ЭлТРдин “ПолитКлиникага” каршы доо арызы сотто каралып, кийинки отурум 17-май саат 16:00гө белгиленди.

«ПолитКлиника» басылмасынын жетекчиси Дилбар Алимова мамлекеттик каналдын көз карандысыз медиа менен соттошуп жатканын абсурддук көрүнүш деп атады.

«Бул абсурддук көрүнүш. Чакан медиада 10 миллион сом төлөй турган мүмкүнчүлүк жок. ЭлТР бул суммадагы доону аягына чейин карманса демек көз карандысыз медианын ишин токтотууга болгон аракет катары баалайбыз», — деди Алимова.

Ал эми ЭлТРдин өкүлү Азизбек Ибрагимов «ПолитКлиника» өз материалы менен «компаниянын жана анын кызматкерлеринин аброюна шек келтирген» деп эсептейт.

«Биз сотко берүүдөн мурда ПолитКлиника медиасына кат менен кайрылдык. Кийин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине кайрылдык. ПолитКлиника тараптан жооп болбогондуктан сотко кайрылдык», — деди ал.

Эске салсак, 4-февралда «ПолитКлиника» ЭлТРдин «Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес» дегени калп» деген тема менен ачык булактарга таянган материал жарыялаган. Анда басылма ЭлТРдин 31-январда чыккан «Кайсы президент энергетикага көп карыз алган?» аттуу сюжетин анализдеп, андагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген.

Ал эми ЭлТР «ПолитКлиникадан» видеоматериалды өчүүрүп, төгүндөөгө чыгарууну талап кылууда.