Талас: мэрияда коррупциялык механизмдер аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» каралган кылмыштын негизинде, Талас шаарынын мэриясынын айрым кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
Талас шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү коррупцияга каршы күрөшүү жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Муниципалдык менчик башкармалыгында коррупциялык механизмдер аныкталды.

2022-жылы Талас шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы “Байбарс-Курулуш” ЖЧКсы менен шаардык сейил багын куруу боюнча жалпы суммасы 4 млн 880 миң сомго келишим түзгөнү аныкталган. Ошол эле учурда атайын адистерди тартуу менен текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш иштеринин наркын ашыкча баалоо фактылары аныкталып, анын натыйжасында мамлекетке 2 миллион 100 миң сомдон ашык зыян келтирилген.

Курулуш экспертизасынын корутундусуна ылайык, шаардык сейил багын курууга долбоордук-сметалык документтер такыр иштелип чыкпаганы, бул мыйзамсыз курулуштарды жана бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланууну көрсөттү.

Учурда КР УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан иштин чыныгы жагдайларын жана кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендигин аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

a12ecb2f 2e02 4c98 a183 6a277b0907d1 Талас: мэрияда коррупциялык механизмдер аныкталды
ec0748a2 2fbb 466a bcb6 96bb046a7428 Талас: мэрияда коррупциялык механизмдер аныкталды