Бишкектин эки мектебинде бомба бар деген маалымат түшүп, окуучулар эвакуацияланды

Бишкектин Октябрь районунда жайгашкан №63 жана №17 мектептердин окуучулары эвакуацияланды.

Маалыматка ылайык, бул мектептерде жарылуучу зат бар деген кабар келип түшкөн.

«Ички иштер башкы башкармалыгынын “102” кызматына бир нече мектептерге бомба коюлганы тууралуу билдирүүлөр электрондук почта аркылуу келип түшкөндүгү тууралуу бир катар маалыматтар келген. Борбор калаанын милиция кызматкерлери жеринде иштеп, аймактар ​​курчоого алынып, жарандар эвакуацияланды», — деп айтылат милициянын маалыматында.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен КРСУнун юридикалык факультетине, ошондой эле №67 жана 33-орто мектептерине бомба коюлганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери жана саперлор иштеп жатат.

Эске салсак, бул телефондук террористтердин биринчи кабар берүүсү эмес. Ушундай эле билдирүүлөр борбор калаанын бир нече билим берүү мекемелерине жана соода борборлоруна келип түшкөн.