“Ар бир пенде Кудай алдында жоопкер…”: Жээнбеков экс-президенттердин жолугушуусу тууралуу айтты

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Дубайдагы президенттердин жолугушуусу тууралуу үн катты. Ал ошондой эле, Алмазбек Атамбаев тууралуу да тууралуу пикирин билдирди.

“Урматтуу мекендештерим,

Акыркы убакта болгон окуяларга байланыштуу менин дарегиме да суроолор түшүүдө. Ошондуктан, өз пикиримди билдирип коюну чечтим.

Кечээ жакында Дубайда өткөн жолугушуубузду Садыр Нургожоевич Жапаров Кыргыз Республикасынын президенти катары эл биримдигин бекемдөө максатында уюштурду. Жолугушуунун бир гана максаты – өлкөдөгү ынтымакты чыңдоо, Кыргызстанды күчтүү мамлекет катары өнүктүрүү, калктын жашоосун жакшыртуу экендигин айтты. Ажо коомубузду “баланчанчы, түкүнчөнчү” деп бөлбөйлү деп чакырык таштап жатса, анын бул изги тилегин биз, албетте, колдодук. Жолугуунун катышуучулары баарыбыз тең, толук курамда, аягына чейин отуруп, ар бирибиз колдоо сөздөрүбүздү айттык.

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө жеткенден бери мамлекетибизде жакшысы менен кошо жаманы, агы менен карасы жанаша жүрдү. Тарыхыбызда болуп өткөн кайгылуу окуялар ар бир кыргызстандыктын жеке тагдырына таасир эткен. Ошондуктан да бул жолугушуу коомчулук тарабынан ар кыл кабыл алынды. Эмоция менен айтылган ойлор менен катар юридикалык өңүттө да баа берилүүдө. Бул биздин жарандык коомдун күчтүүлүгүн, элибиздин ички эркиндигин дагы бир ирет далилдеди. Президент мына ушул улуттук дараметти жаратмандыкка бурууга туура чакырык таштады. 

Садыр Жапаров Дубайдагы жолугушууга чейин Алмазбек Атамбаев экөөбүздү жолуктургандыгын айтты. Ооба, экөөбүздү элдештирүү максатында президент бир столго олтургузуп, жолуктурган. Экөөбүз тең өз пикирибизди айтып, аягында кол алышып, тараганбыз. Ар бир пенде Кудай алдында жоопкер…

Баарыбызды биримдикке чакырып, президент өз милдетин аткарды. Эми биз да жаран катары милдеттерибизди аткаралы. Ырыс алды ынтымак! Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок. 

Жараткан Кудай элибизди, Кыргызстаныбызды колдосун!”, – деди Жээнбеков.