Жалал-Абад шаарында топ балдар мушташты

Социалдык тармактарда бир топ балдардын мушташып жаткан видеосу тарады. Окуя Жалал-Абад шаарында болгону маалым болду. Жалал-Абад ОИИБине байланышканыбызда текшерүү иштери жүрүп жатканын билдиришти. 

“2023-жылдын 2-июль күнү саат 20:20 чамасында Жалал-Абад шаарындагы супермаркеттердин биринин алдында топ балдар ызы-чуу салып жаткандыгы боюнча милицияга билдирүү келип түшкөн.

https://t.me/sputnik_kyrgyzstan/58961

Бул окуя Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат”,-деп айтылат маалыматта.