Жапаров Ошто ат чабыштын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырды

31-августта президент Садыр Жапаров Ош облусундагы Төлөйкөн ипподромунда өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата уюштурулган аламан байге ат чабышынын жеңүүчүлөрүн салтанаттуу түрдө сыйлады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчы алыскы аралыкка ат чабуунун катышуучуларын жана бардык келгендерди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, бул күнү ат оюндары боюнча Президенттин кубогун өткөрүү жалпы кыргыз эли үчүн жакшы салтка айланганын белгиледи.

Президент Ош облусунун ипподрому бүгүнкү күндө миңдеген адамдарга толуп турганын белгилеп, муну менен улуттук ат оюндарынын ар бир жигиттин жашоосундагы ордун ырастады.

Көчмөн кыргыз эли эзелтеден жылкыны баалап келген, алар бүгүнкү күнгө чейин элибиздин турмушунун ажырагыс бөлүгү катары эсептелинет.

Кошумчалай кетсек, кыргыздар байыртадан бери эле улуттук спорттун түрлөрүн күнүмдүк турмушуна жигердүү аралаштырып келет, анын максаты келечек муундарды чыдамкайлыкка, эрдикке, баатырдыкка, күрөшкө жана ар-намыска тарбиялоо болгон.

Садыр Жапаров белгилегендей, ата-баба салтын улай бүгүн Эгемендүүлүк күнүнө карата спорттун улуттук түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, анда эң күчтүү жана татыктуу күлүктөр 32 чакырым аралыкты басып өтүп, марага жетишти.

Сөзүнүн аягында мамлекет башчысы ата-бабалардын ыйык салтын улантып келе жаткандарга ыраазычылык билдирип, улуттук оюндарыбыз өнүгүп, дүйнөгө таанымал болушун каалады.

Ошондой эле Садыр Жапаров «Достук» жана «Ынтымак» командаларынын ортосундагы көк бөрү боюнча Кыргызстандын президентинин кубогунун финалдык беттешине күбө болду.

img 20230831 201152 550 Жапаров Ошто ат чабыштын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырды
img 20230831 201152 247 Жапаров Ошто ат чабыштын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырды
img 20230831 201152 034 Жапаров Ошто ат чабыштын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырды
img 20230831 201139 526 Жапаров Ошто ат чабыштын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырды
img 20230831 201139 643 Жапаров Ошто ат чабыштын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырды
img 20230831 201139 735 Жапаров Ошто ат чабыштын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырды