ВИДЕО: Садыр Жапаровдун көк бөрү оюнунун соңунан кийинки реакциясы

Бүгүн, 31-августта Ош облусундагы Төлөйкөн ипподромунда өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата уюштурулган көк бөрү оюнунун жыйынтыгына макул болбогондор судьяны таш баранга алышкан. “Достук” менен ” Ынтымак” командалары күч сынашып, “Ынтымак” командасы 1:0 менен утушка ээ болгон.

Оюндун аягында судьянын чыгарган жыйынтыгына ичи чыкпагандар оюн талаасына чыгып, судьяны сабап салышкан. Милиция кызматкерлери судьяны алып кетишкен.

Соцтармактарда президенттин оюндан кийинки жаралган кырдаалга көз салып жатканы тарады. Анын жанында Башкы прокурор Курманкул Зулушев да бар.

Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.