ВИДЕО: Ошто көк бөрү оюнунун судьясын таш баранга алышты

Бүгүн, 31-августта Ош облусундагы Төлөйкөн ипподромунда өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата уюштурулган көк бөрү оюнунун жыйынтыгына макул болбогондор судьяны таш баранга алышкан. “Достук” менен ” Ынтымак” командалары күч сынашып, “Ынтымак” командасы утушка ээ болгон.

Оюндун аягында судьянын чыгарган жыйынтыгына ичи чыкпагандар оюн талаасына чыгып, судьяны сабап салышкан. Милиция кызматкерлери судьяны алып кетишкен.

Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.