Ош шаарында өткөн көк бөрү оюну жаңжал менен коштолду

Президенттин Ош шаарында өткөн көк бөрү Кубогу козголоңдор менен аяктады. Видео социалдык тармактарга тарады.

Финалдык оюн бүгүн, 31-августта Оштун жанындагы Төлөйкан ипподромунда болуп өттү. Жеңиш үчүн “Достук” (Ош) жана “Ынтымак” (Талас) командалары күрөштү. Оюн таластык оюнчулардын пайдасына 1:2 балл менен аяктады.

Күйөрмандар рефери чыгарган чечимге макул болбой, оюн талаасына чыгышты. Тартипти сактаган укук коргоо органдарынын кызматкерлери судьяны талаадан алып кетишти.