Өлкө башчы: “Кыргыз тилинин латиницага өтүүсү тууралуу сөз кылууга азырынча эрте”

Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиевге катуу эскертүү берип, тил саясаты, тагыраак айтканда, кыргыз тилин латын алфавитине өткөрүү жөнүндө аңдабай айтылган сөздөрдөн карманууга чакырды.

Бүгүн мамлекет башчысы Каныбек Осмоналиевди кабыл алып, кыргыз тилинин абалы, анын өнүктүрүүнүн келечегин жана колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү маселелерин талкуулады.

Президент жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик тилди колдоо, сактоо жана өнүктүрүү – мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири экенин баса белгиледи.

Ал мамлекеттик тилди кеңири жайылтуу жагынан Улуттук комиссиянын көрүп жаткан чараларын канааттануу менен белгилеп, бардык жарандар тилди тийиштүү деңгээлде билүүсүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Ошону менен катар Мамлекет башчысы Улуттук комиссиянын төрагасына катуу эскертүү берип, тил саясаты, тагыраак айтканда кыргыз тилин латын алфавитине өткөрүү жөнүндө аңдабай айтылган сөздөрдөн карманууга чакырды.

“Кыргыз тилинин латиницага өтүүсү тууралуу сөз кылууга азырынча эрте. Кириллицадагы мамлекеттик тилди талаптагыдай, сабаттуу деңгээлде билүүсүн камсыз кылмайынча, латын алфавитине өтүү тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес. Азыр бул боюнча маселе жок, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү кириллицада улантуу керек”, – деп баса белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы министрликтерде, ведомстволордо жана башка органдарда мамлекеттик тилдин абалына өзгөчө көңүл буруп, Улуттук комиссия тарабынан тил саясатын өркүндөтүү боюнча иштерди улантуу жана чараларды күчөтүү зарылдыгын белгиледи.