Перизат Суранова ооруканага жаткырылды

Камактагы жарандык активист Перизат Суранова ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

«Перизат Суранованы Чуй облустук ооруканага дарыланууга жаткызганы алып кетишти», – деди Абдирасулова.

Эскерте кетсек, Перизат Суранова жана башка бир топ саясатчы, журналист, блогерлер өткөн жылдын октябрь айында «Кемпир-Абад» иши боюнча камакка алынып, «билйикти басып алууга даярдык жасоо» айыбы тагылган.

image 14 Перизат Суранова ооруканага жаткырылды