Перизат Сурановага тез арада операция жасалышы керек

массалык баш аламандык уюштуруу боюнча кылмыш иши козголуп жаткан Перизат Сурановага тез арада операция керек. Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартованын кызы Касиет Мамырбай Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, Суранованы 2022-жылдын 28-декабрында Бишкектеги СИЗО-1ден поликлиникага текшерүү үчүн алып кетишкен. Дарыгерлер айыпталуучуга “жатындын миомасы, гидросальпиноз”- деген диагноз коюшкан.

«Дарыгер  жалпысынан дарыланууга тийиш экенин, бирок операциясыз айыктыруу мүмкүн эмес экенин белгиледи. 10-январда Перизат Суранованы Чүй облустук ооруканасынын дарыгери кошумча текшерип, кеңеш алган. УЗИден кийин дарыгер мурда коюлган диагнозду тастыктап, шашылыш операция жасоо маанилүүлүгүн белгиледи», — деп жазган Касиет Мамырбай.