«Президент менен дос эмес, акчасы жоктор эмне кылыш керек?», – Мадумаров

Бүгүн, 11-январда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров жыйында соттордун көз карандысыздыгы тууралуу маселе көтөрүп, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековго «Президент менен дос эмес, акчасы жоктор эмне кылыш керек?» деген суроо узатты.

«Мыйзамсыз кармалган 26 кишиге прокуратура кандай сөз сүйлөсө, сот ошого баш ийкеп олтурат, жалдырап. Мен сизге абдан чоң ишеним арткам. Дагы да ишенем. Булар соттордун баарын жетелеп алыптыр. Булардын жүрөгүн, бетин кайсы материалдан жасайт болду экен? Кып-кызыл жалганды айтып жатса да, сот ошону туура дейт. Кыргыз сотунан жабыркабаган жаран калган жок. Мурдагы саламаттыкты сактоо министри чоң жигиттин досу экен, эптеп чыгып кетти. Досу жоктор эмне болот? Адилеттүүлүктү кайдан издешет? Же башкы прокурор, же министр жабыр тарткан жок. Эч ким эч нерсе болгон жок. А байкуш-бечаралар 2-3, 6 айлап жатышат. Алардын достору, же акчасы жок. Ошого буйрук берип жаткандар өздөрүнө келип калат, жакшы тарбия алып чыгат жатышат. Адамдын тагыры менен ойнобош керек. Азыр бир айдан 3 айга жылдырып, даттанууга мүмкүнчүлүк берип, созуп жатасыздар. Бирок кеп мыйзамда эмес, кеп биздин ыйманда болуп жатат. 3 айга созгондо кандай болуп өзгөрөт деген оюңуз бар?», – деди Мадумаров.

Базарбеков мыйзамдын талаптары так аткарылышы керектигин айтты.

 «Мыйзам боюнча, кармалып жаткандарга Мадумаров да, Асанов, Тешебаев, Балтабаев да киргенге укугу бар. Бирок прокурорлор Балтабаев, Тешебаев киргенге укугу бар, Мадумарво кирбейт деп отурат. Мыйзам баарыбызга бирдей. Бирок Мадумаровго өзгөчө иштеп жатат. Мадумаров кирбейт, алар менен жолукпайт», – деди ал.

Базарбаев: «Сот реформасы десе, сотторго гана тиешелүү деген түшүнүктөр болуп жатат. Сот реформасы баарына тиешелүү. Башкы прокуратура, тергөө органы жана башка укук коргоо органдарына. Керек болсо, айыл башчыларына чейин тиешелүү. Кечке сотторду жаман атты кыла бербей, чогуу реформа жүргүзүү керек. Ошондо гана оңолобуз. Сот реформасы бардык бийлик стуруктурасы колдоого алганда жүрөт», – деди ал.