Блогер Улукбек Карыбек уулу сурактан чыга элек

Блогер, эркин журналист Улукбек Карыбек уулу суракка бүгүн, 11-январда саат төрткө чакыртылган. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына өзү билдирген.

Карыбек уулу Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө чакырылган.

Ал андан бери сурактан чыга элек.

Белгилей кетсек, Улукбек Карыбек уулу өзүнүн YouTube-каналы аркылуу коомдогу көйгөйлөрдү чагылдырып келет.