Блогер Улукбек Карыбек уулу беш сааттан соң сурактан чыкты

11-январда түнкү блогер Улукбек Карыбек уулу Ысык-Ата РИИБге сурак берип чыкты. Сурак дээрлик беш сааттан ашык убакытка созулду. Бул тууралуу ал өзү Bulak.kg редакциясына билдирди.

Ал Ысык-Атадагы качкындардын жагдайын чагылдырган видео материал боюнча сурак берип чыкканын билдирди.

“Тергөөнүн кызыкчылыктары жөнүндө тил катка кол коюп бердим. Ошол себептен тергөөдөгү жагдайды айта албайм. Негизи сурак Ысык-Атадагы качкындардын жагдайын чагылдырган материал боюнча болду. Ошол жактагы окуя боюнча айыл өкмөттүн жоопту катчысы менин үстүмдөн арыз жазыптыр”, — деди ал.

Журналист 11-январда Ысык-Ата РИИБден саат 16:00го суракка чакыруу келгенин билдирген. Бирок кайсы иш тууралуу экенин айтылган эмес.

e40e975d bf9e 4a7b a7c3 b2795958514d Блогер Улукбек Карыбек уулу беш сааттан соң сурактан чыкты

Ал буга чейин Тажикстандан Ысык-Ата районуна келген кыргызстандыктардын жагдайы тууралуу видео материал чыгарган. Анда тургундарга мамлекеттик кызматкерден жана укук коргоо органдарынан жасалып жаткан кайдыгер мамилеси чагылдырылган.

Улукбек Карыбек уулу коомчулукка блогер катары белгилүү. Ал өзүнүн “Улукбек Карыбек уулу” атылышындагы ютуб каналына кыска иликтөөлөрдү жана репортаждарды чагылдырып турат.