Жогорку сот жалган маалыматты четке какты: “Исманкулов үй камагына чыккан жок”

Бул тууралуу чечимди 12-февралда БишкектинОктябрь райондук соту чыгарганын Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, ал Бишкектин №1 тергөө абагында кармалат.

Эске салсак, 10-февралда Башкы прокуратура «Көз микрохирургия» клиникасынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов жана Бишкек шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон. Мекеме «Алар Бишкек шаарынын №6 клиникалык ооруканасынын 2-корпусу жеке жактарга ижарага берүүгө тыюу салынганына жана ооруканаларда орундардын жетишсиз экенине карабай, ижара акысын атайылап азайтуу менен мыйзамсыз ижарага беришкен» деп белгилеген. 

Аткаминерлердин мыйзамсыз аракетинен улам мамлекетке 93 млн 162 миң 576 сом зыян келтирилгени аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө аракеттери жүрүп жатат.