Атамбаев абактан бошотулуп, Кыргызстандан дарылануу үчүн чыгып кетет

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевге карата Жогорку Cоттун мурдагы чечимдери жокко чыгарылып, кайра кароого жиберилди. Мындай чечимди Жогорку Соттун коллегиясы 13-февралда чыгарганын Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Адвокаттын маалыматында Алмазбек Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан кое берилишине байланыштуу чыгарылган чечим жокко чыгарылып, иш жаңыдан кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна жиберилди.

Ал эми бүгүн 14-фервалда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Алмазбек Атамбаевде дарылануу муктаждыгы болгону үчүн Кыргызстандын аймагынан сыртка чыгууга уруксат берген чечимин чыгарды.