Алмазбек Атамбаев дарылануу үчүн чет өлкөгө кетет

Биринчи Май райондук сотунун чечимине ылайык, абактагы Алмазбек Атамбаев дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берилди.

Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу Алмазбек Атамбаевдин кылмыш иши боюнча чыгарылган өкүм Жогорку Соттун чечими менен жокко чыгарылды.

Маалыматка ылайык, кечээ, 13-февралда Жогорку соттун судьясы Кеңешбек Токтомамбетовдун төрагалыгы алдында өткөн соттук коллегия Азиз Батукаевдин иши боюнча Атамбаевдин өкүмүн жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу жокко чыгарды, башкача айтканда, сот Атамбаевдин жактоочуларынын өтүнүчүн канааттандырды.

Маалым болгондой, иш жаңыдан кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлөт.

b0dfbdf7 0236 4ac7 82e8 7ac4a0df2bd0 1 Алмазбек Атамбаев дарылануу үчүн чет өлкөгө кетет