“Экстер келерин билген эмесмин, эч ким менен коштошпой кеттим”: Атамбаев экс-президенттердин жолугушуусу боюнча эмне дейт?

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын азыркы президенти Садыр Жапаров менен мурдагы өлкө башчыларынын жолугушуусу тууралуу үн катты.

Ал аталган жолугушуу болгонун ырастап, бирок ага кокустан катышып калганын жана ага Сооронбай Жээнбеков келерин билген эмес экенин билдирди.

«Экстердин жолугушуусу болду. Ооба, мен да ал жакта болуп калдым. Болум калдым дегеним, мага жолугушууда мурдагы президенттердин кимдир бирөөсү келери тууралуу айтылган эмес. Мага президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев менен жолугушууга чакырып жатышканы, анда эркин киши катары тең ата сүйлөшүп, эски таарынычтарды унуталы деп айтылган. Мен жакшылыкты унутпайм, ошондуктан Испаниянын элчиси менен виза тууралуу алдын ала пландалган жолугушууну да жылдырдым. Сиздер билгендей, мени дарыланууга өкмөт башчы Педро Санчес чакырган – ал үчүн ага чоң рахмат», — дейт ал.

Ал алдыда жолугушуунун чоо-жайы тууралуу кенен айтып берүүгө даяр экенин белгиледи.

«Мен дагы өлкөдөгү тынчтык жана ынтымак үчүн. Ал туралуу айттым. Президент Жапаровдун ак ниет ойлорун баалайм. Бирок жолугушуунун аягында, эч ким менен коштошпой кете турган кырдаал жаралды. Эгер келечекте зарылчылык жаралса, чоо-жайын кенен айтып берем.

Өлкөбүздө тынчтык жана ынтымакты орнотуу менен Бакиевди Кыргызстанга алып келүү — эки башка нерсе. Аларды бирдей көрүү башка жыйынтыкка алып келет. Өтө көп кан төгүлүп, көп нерсе унутулбашы керек жана мүмкүн эмес. Арийне, күнөөлүүлөр жоопко тартылышы зарыл. Биринчиден каза болгондордун туугандары кечириши керек. Президент Садыр Жапаров менин айткандарымды угуп, туура чечим кабыл алат деп ишенем», — деди ал.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров мурдагы президенттер менен жолугушканын 18-февралда «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирген.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев жолугушуу болгонун ырастап, ага Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков катышкан жазган.