Кыргыз-өзбек чек арасы: Жумушчу топтордун жолугушуусу өттү

Өзбекстандын Фергана шаарында, 12-18-февралда Кыргызстан жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун мындан ары бекитүүгө даярдашкан. Ошондой эле, чек аранын айрым тилкелерин жер-жерлерде изилдөө графиги макулдашылган.

«Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында протоколго кол коюлду. Кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында өтөт», — деп айтылат маалыматта.